Жеке ишкерлерден пара алган салык кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды
RU

Жеке ишкерлерден пара алган салык кызматкерлеринин коррупциялык схемасы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын УКМК фискалдык органдардагы коррупцияны жоюу боюнча пландаштырылган иш-чаралардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгында туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз бөлүмү билдирди.

Такталгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы "Б.Т.Т.", мыйзамсыз каржылык жактан баюуга багытталган, кол алдындагы кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алышып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң тарапка чечүү үчүн ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча алуу түрүндө коррупциялык схема түзүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана аталган салык кызматынын инспекторлору менен башчынын ортосунда бөлүштүрүү фактылары катталды. 2021-жылдын 30-мартында КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде аталган "Б.Т.Т." кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир мыйзамсыз иш аракеттер болгон учурда, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коомдук кабылдамасынын 660020 номерине, же Whatsapp 0501660020 ишеним телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз, деп УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1123