Милиция кызматкерлери эки унааны уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Сүрөт
RU

Милиция кызматкерлери эки унааны уурдоого шектүүлөрдү кармашты. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, 16-мартка караган түнү белгисиз адамдар Лебединовка айылынын тургуну К.Д.нын үйүнүн жанында токтоп турган Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкен.

Ошондой эле кармалган жарандар үстүбүздөгү жылдын 6-мартына караган түнү Лебединовкадан ВАЗ-2106 үлгүсүндөгү унааны уурдоого катыштыгы бар экени аныкталган.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11243