Бишкек милициясынын начальниги Азамат Ногойбаев кечирим сурады
RU

Бишкек милициясынын начальниги Азамат Ногойбаев кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев кыздар жыныстык катнашка өз ыктыяры менен барат деп айтканына байланыштуу кечирим сурады. Бул тууралуу "Кылым шамы" укук коргоо уюмунун директору Гүлшайыр Абдирасулова Facebook баракчасына жазды.

"Чындыгында ШИИББдин начальниги сыяктуу мамлекеттик кызматкер зордукчуларга эч нерсе болбостугун, эң негизгиси "зордукталгандардын өздөрү да ушуну каалайт" деген түшүнүктү айтты", - деп белгиледи Абдирасулова.

Укук коргоочунун айтымында, Ногойбаев ката кетиргенин мойнуна алып, эл алдында кечирим сураган.

"Бирок менин оюмча, азыр бардык милиция органы биригип, кырдаалды оңдоосу керек. Балдарыбыздын ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтире турган чоң катачылык кетти. Мен өз кезегинде жардам берүүгө даярмын", - деди ал.

Бишкек ШИИББдин башчысы Азамат Ногойбаев жашы жете электер арасындагы сексуалдык кол тийбестикке каршы кылмыштардын көбөйүшүнө кыздарды айыптаган. Анын билдирүүсүнө байланыштуу ИИМдин Ички иликтөө кызматы текшерүү баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11317