Өзбекстанда балдар үйүндөгү кыздар чиновниктерге сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурланган
RU

Өзбекстанда балдар үйүндөгү кыздар чиновниктерге сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурланган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстанда балдар үйүнүн жетекчиси тарбиялануучуларды чиновниктер менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган деп жазат Rodrobno.uz.

Басылманын маалыматы боюнча, он ай бою (2021-жылдын майынан 2022-жылдын февраль айына чейин) балдар үйүнүн башчысы үч тарбиялануучуну аткаминерлер менен интимдик мамиледе болууга мажбурлаган. Бул максаттар үчүн ал 15, 16 жана 17 жаштагы кыздарды тандап алган.

"Кардарлардын" арасында облустук юстиция башкармасынын башчысы да болгон. Балдар үйүнө берилген принтер үчүн аткаминер ага сексуалдык ырахат алуу үчүн кыз берүүнү суранган", - деп жазат портал.

Жетекчи 16 жаштагы окуучуну тандап алып, аны интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлаган.

"Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу үчүн облустук юстиция башкармалыгынын башчысы өзүнүн мекемесинин кызматкерлери үчүн кызматтык турак жай катары бөлүнгөн батирди пайдаланган. Кийинчерээк бул батирге 15 жана 17 жаштагы кыздарды алып келген.

Ошондой эле кайрымдуулук көрсөтүп, жетекчинин жеке маселелерин чечүүгө жардам берүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы ага кыз берүүнү суранган. Директор ошол эле окуучуларды аны менен жыныстык катнашка барууга кыйнаган.

Портал белгилегендей, аткаминер балдар үйүнө тамак-аш менен жардам берүүдөн тышкары, жашы жете элек кыздар менен жыныстык катнашка барганы үчүн жетекчиге 200 миң сум төлөп берген. Катнаш балдар үйүндөгү уктоочу бөлмөдө болгон", - деп айлылат маалыматта.

Ушул жана башка фактылар былтыр сентябрда болгон соттук отурумда айтылган. Соттун чечими менен балдар үйүнүн жетекчиси 5,5 жылга эркинен ажыратылган. Ага үч берене боюнча айып тагылган.

Жашы жетпегендер менен интимдик мамиледе болгон кызмат адамдары эки берененин негизинде 1,5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

2022-жылдын декабрында апелляциялык сот өкүмдү күчүндө калтырган.

"Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Үргөнч шаарындагы балдар үйүнүн тарбиялануучуларын зордуктаган аткаминерлердин жазасы жеңил болгонун моюнга алган деп жазат" Gazeta.uz.

2023-жылдын 2-апрелинде чуулгандуу окуя коомчулукка кеңири тарагандан кийин Өзбекстандын президентинин аппаратынын байланыш жана маалымат саясаты секторунун башчысы Саида Мирзиёева зордук-зомбулукка кабылган үч кыз тең коопсуздукта деген.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11336