Ташкентте аял үч кичинекей баласын өзү менен кошо 9-кабаттан ыргыткан
RU

Ташкентте аял үч кичинекей баласын өзү менен кошо 9-кабаттан ыргыткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ташкенттин Сергели районунда үч кичинекей баласы бар аял 9-кабаттан сбоюн таштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдиргенин Uzdaily.uz порталы жазып чыкты.

Окуя 2023-жылдын 3-апрелинде саат 19:20 чамасында Сергели кичи районундагы №77 үйдө болгон.

"9-кабатта жашаган 1996-жылы туулган Д.А. аттуу аял эки уулун (2018-жылы жана 2019-жылы туулган) уктоочу бөлмөнүн терезесинен ыргытып жиберген. Андан кийин ал кызы (2022-жылы туулган) менен боюн таштаган кеткен. Төртөө тең ошол жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11350