Финляндия НАТОго расмий түрдө кошулду
RU

Финляндия НАТОго расмий түрдө кошулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финляндия НАТОго расмий түрдө кошулду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Финландиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто Түндүк атлантикалык келишимге кошулуу тууралуу документти тапшыруу аземине катышты.

"Бул документти алуу менен биз Финляндияны Түндүк атлантикалык келишим уюмунун 31-мүчөсү деп жарыялайбыз", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

Жаңы мүчөнүн кошулуусу боюнча документтер АКШда сакталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11359