Иран хиджабсыз аялдарды аныктоо үчүн "акылдуу камераларды" орнотту
RU

Иран хиджабсыз аялдарды аныктоо үчүн "акылдуу камераларды" орнотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иран бийлиги коомдук жайларга көзөмөл камераларын орното баштаганын, алар менен хиджаб кийбеген жана муну менен исламдын дресс-кодун бузган аялдарды аныктай турганын билдирди. Бул тууралуу BBC кызматы маалымдады.

Иран полициясынын билдирүүсүндө айтылгандай, ушундай жол менен аныкталган "тартип бузуучуларга" анын кесепеттери тууралуу эскертүү менен SMS билдирүү жөнөтүлөт. Ирандын укук коргоо органдарынын айтымында, бул "хиджаб мыйзамына каршылык көрсөтүүнүн" алдын алат.

Аялдарды аныктоо үчүн бийлик "акылдуу" камераларды жана башка техникалык каражаттарды колдонууну көздөп жатат.

Иран былтыркы массалык нааразычылык акцияларынан кийин "акылдуу" камераларды колдонууну чечкен. Аларга хиджаб кийүү эрежелерин бузган деген айып менен камакка алынгандан кийин каза болгон Махса Аминин өлүмү түрткү болгон. Оппозициячылар Амини ур-токмокко алуудан каза болгон деп эсептешсе, бийлик бул айыптоолорду четке кагууда.

Амини каза болгондон бери, айрыкча чоң шаарларда аялдар камакка алуу коркунучуна карабай, хиджабдан баш тартышты.

Декабрдан бери Иранда миңдеген демонстранттар камакка алынып, төртөө өлүм жазасына тартылды.

Иранда колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык, аялдар чачтарын хиджаб (баш жоолук) менен жабууга милдеттүү. Бул эреже 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин киргизилген. Мыйзамды бузган аялдарга айып пул салынат же камакка алынат.

Полициянын билдирүүсүндө хиджаб "Иран элинин цивилизациялык негиздеринин бири" деп мүнөздөлгөн. Жергиликтүү бийлик бизнес ээлерин эрежелерди сактоого жана "тыкыр текшерүүлөрдү" жүргүзүүгө жардам берүүгө үндөп жатат.

Иранда коомдук жайларга хиджабсыз (жоолугу жок) чыккан аялдарга кол салуулар көп болот.

Өткөн аптада социалдык тармактарда хиджабсыз эки аялга айран төккөн эркектин видео тараган. Кийинчерек бул аялдар исламдын дресс-кодун бузгандыгы үчүн камакка алынган. Ал киши да камакка алынган.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси ирандык аялдар хиджаб кийүүсү керектигин, анткени бул алардын дин алдындагы милдети экенин кайталаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11466