Израилдин согуштук учактары Сириянын аскерий базасына сокку урду
RU

Израилдин согуштук учактары Сириянын аскерий базасына сокку урду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Израилдин согуштук учактары Сириянын аскерий комплексине, радар системаларына жана артиллериялык постторуна сокку урду. Бул тууралуу CNN маалымдады.

Ал арада Сирия "Израилдин өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү аба чабуулдарына" жооп кайтарганын билдирди.

"Бүгүн таңкы саат бештерде Израил Сириянын басып алынган Голан дөңсөөлөрүнүн түштүк аймагындагы кээ бир жерлерине бир нече ракета менен абадан чабуул жасады", - деп Сириянын мамлекеттик маалымат агенттиги Сириянын аскердик агенттиги SANAга таянып билдирди.

Эске салсак, жума күнү Израил эртең менен Ливандын түштүгүндөгү жана Газа тилкесиндеги Палестинанын буталарына сокку урган.

Ракетанын атылганы Израил полициясынын Иерусалимдеги Аль-Акса мечитине жасаган рейдинен кийин аймактагы чыңалуу күчөгөн учурга туш келди.

Израил полициясынын мечитке жасаган рейддерин мусулмандар чоң провокация катары баалашууда.

Себеби, Израилдин полициясы өткөн жуманын шаршемби күнү Аль-Аска мечитинде окуп жаткан палестиналыктардын намазын бузуп, асманга ок атып эшикке чыгарышкан.

Анын кесепетинен эң кеминде 160 палестиналык жабыр тартканы айтылат.

Израил аскерлери өздөрүнүн аракеттерин "рейд" деп атап, мечиттин ичиндегилерди "жүздөгөн тополоңчулар" деп билдирген.

Ишемби күнү кечинде Израилдин полициясы дагы бир жолу "көптөгөн жаштар мечитке кирип, эч себепсиз эшиктерин жаап салышкан" деп билдирди.

Израилдин коңшусу Иордания эгер израилдик күчтөр мечитке кайрадан чабуул жасаса, анын кесепети жаман болорун эскерткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11468