Кыргызстанга орустар агылабы? Россияда электрондук аскерге чакыруу мыйзам кабыл алынды
RU

Кыргызстанга орустар агылабы? Россияда электрондук аскерге чакыруу мыйзам кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-апрелде Россиянын Мамлекеттик Думасы экинчи жана үчүнчү окууда аскерге электрондук чакырууларды мыйзамдаштырган түзөтүүлөрдү кабыл алды. Мыйзам долбооруна ылайык, электрондук чакыруу кагаздары кадимки жеткирилчү каттардагыдай күчкө ээ болот. Электрондук чакыруу Мамлекеттик кызматтардын өздүк кабинетине жайгаштырылган учурдан тартып тапшырылганы жазылган.

Чакыруу кагазын алгандан кийин россиялыктар белгиленген убакта аскер комиссариатына келиши керек. Болбосо 20 күндөн кийин "качкындарга" унаа айдоо, кыймылсыз мүлктү сатуу, сатып алуу, ошондой эле насыя алууга тыюу салынат.

Кошумчалай кетсек, өзгөртүүлөр "аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандарга" чакыруу кагазын алган учурдан тартып аскер комиссариатына келгенге чейин Россиядан чыгып кетүүгө тыюу салынган.

Кабыл алынган түзөтүүлөрдүн пакети ошондой эле аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү адамдардын бирдиктүү реестрин түзүүнү карайт.

Аскердик кызматка милдеттүү адамдар жөнүндө маалыматтарга: ден соолугунун абалы жана билими, жашаган, иштеген жери, чет өлкөлүк жарандыгы же башка өлкөдө жашап турууга уруксаты бар экендиги, ошондой эле SNILS (камсыздандыруу номери) жекече жеке эсеп) жана ИНН (салык төлөөчүнүн идентификациялык номери) да камтылган.

Башкы сүрөт: Ритм Евразии

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11534