"Нават" чайханасы мүмкүнчүлүгү чектелген жаранды кууп чыгып, кийин кечирим сурады
"Нават" чайканасынын менеджери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандан кечирим сурады. Бул тууралуу редакцияга чайкананын үстүнөн арызданган жаран билдирди.
Бектурсун Акибаев 11-апрелде Kaktus.media`нын Call-борборуна кайрылып, "Нават" чайканасынан чыгарылганын айткан. Буга конокторду тейлеген менеджер менен кардардын ортосунда түшүнбөстүк себеп экенин билдирген.
"Нават" чайканасынын кызматкерлери кичине түшүнбөстүгүбүздү чечип, тамакка чакырып, сертификат тапшырышты", - деди Акибаев.
Кардар кечиримди кабыл алганын кошумчалады.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11537