Call-борбор: Таксисттер аялдамада эки катар тизилип, авариялык абал жаратууда
RU

Call-борбор: Таксисттер аялдамада эки катар тизилип, авариялык абал жаратууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Март айында Kaktus.media`нын Call-борборуна шаар тургуну кардарларды күтүп, аялдамаларда эки катарга токтоп, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жараткан таксисттерге карата арызданган. Маалымат жарыялангандан кийин эртеси таксисттер аялдамадан кеткенин айткан.

"Аламүдүн Гранд" соода борборунун жанындагы аялдамада таксилер эки катар тизилип турушат. Жаан-чачында, кар жааганда, ар кандай аба ырайында эл аларды айланып өтүп, автобус, кичи автобустарга чуркаш керек. Бул жерде мындай көрүнүш дайыма болуп турат. Ал эми бүгүнкү күндө кичинекей балалуу энелер, кош бойлуу аялдар, кары-картаңдар кичи автобустарга жетүү үчүн жамгырга чыгып, сууга калууга аргасыз болушууда", - деди ал.

Бүгүн, 17-апрелде ал кайрадан редакцияга кайрылды.

"Сиздердин материал жарыялангандан кийин бир канча убакыт айдоочулар аялдамага топтолбой калышкан. Чара көрүштү окшойт. Ага карабай эле таксисттер кайрадан аялдамаларды жаап, авария үчүн коопту абал түзүп жатышат", - дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11669