УКМК Ысык-Ата районунда аткезчилик жол менен солярка саткан жаранды кармады
RU

УКМК Ысык-Ата районунда аткезчилик жол менен солярка саткан жаранды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Ата районунун айрым тургундары күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз сатууну улантууда. Мындай тартип бузгандардын бири 16-апрелде кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата районунун Хун-Чи айылында 4 тонна солярка сатып жаткан жеринен кыргызстандык У.И.С. кармалган.

"Ага кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандыгы үчүн 17500 сом жана жүктөрдү, анын ичинде мунай продуктыларын жүгүртүү тартибин бузгандыгы үчүн дагы 12500 сом айып салынган.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору жалпы материалдык зыянды аныктап, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн райондун сот органдарына өткөрүп берүү үчүн документтерди жана материалдарды даярдап жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11689