Фармкомпаниянын директору УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара берүүгө аракет кылган
RU

Фармкомпаниянын директору УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара берүүгө аракет кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте фармацевтикалык ишкананын директору өзгөчө ири өлчөмдө пара берүүгө шектелип кармалды. Аны менен кошо ортомчусу да кармалды дешет УКМКдан.

Маалымдалгандай, чет өлкөлүк жаран жетектеген "А.К." фармацевтикалык ишканасы мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качканы аныкталды.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталган. Салык төлөөчү даттануу арызын берип, жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган эмес.

Өз кезегинде компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө маселенин оң жакка чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине 40 миң доллар пара катары берип жаткан жеринен кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11725