НАТОнун баш катчысы Украинага барды
RU

НАТОнун баш катчысы Украинага барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг алдын ала маалымдабай туруп Украинага барды. Бул тууралуу AP агенттигине альянстын расмий өкүлү ырастап, НАТОнун баш катчысынын Украинада экенин билдирди.

Белгилүү болгондой, 19-апрелде Йенс Столтенберг Чехиянын президенти менен жолугуп, аны менен бирге Украинаны колдоо боюнча пикир алышкан.

Эске салсак, Украин президенти Владимир Зеленский буга чейин Украина "Рамштайн" (Украинаны коргоо боюнча байланыш тобунун кезектеги жыйыны) жолугушуусунда маанилүү чечимдерди күтөрүн билдирген.

Ал жыйын эртең, 21-апрелде өтөрү айтылган.

Башкы сүрөт: kievvlast.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11745