Алайкууга барчу жол бир тараптуу ачылды
RU

Алайкууга барчу жол бир тараптуу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жол бир тараптуу ачылып, каттам өз нугунда жүрүүдө. Бул туурасында президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган унаа жолго тоодон узуну 50 метр, туурасы 8 метрдей болжолдуу 6000 куб таш кулап жолду эки тараптуу жаап калган.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев жер көчкү болгон жерге барып, жергиликтүү тургундар жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен жолугуп , абалды жөнгө салуу, жолду кыска мөөнөттө ачуу, элге шарт түзүп берүү, үзүлгөн электр энергиясын калыбына келтирүү талаптарын койду.

Мындан сырткары Кара-Таш айылынын бир бөлүгүндө электр жарыгы жок, үзүлгөн электр чубалгыларын тартуу тапшырмасы берилди.

Алайку өрөөнүнүн тургундарынын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана тазалоо иштерин токтотпоо боюнча жооптуу органдарга тапшырмалар берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11767