Кытайдын Франциядагы элчиси мурдагы советтик өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирди
RU

Кытайдын Франциядагы элчиси мурдагы советтик өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытай дипломатынын постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендиги тууралуу билдирүүсүнөн кийин Латвия, Литва жана Эстония Кытайдын өкүлдөрүн Рига, Вильнюс жана Таллиндеги Тышкы иштер министрликтерине чакырды. Крым Украинага тиешелүүбү деген суроого ал постсоветтик өлкөлөрдүн эл аралык укукта "эффективдүү статусу" жок экенин айтты.

"La Chaîne Info" маалымат каналынын эфиринде тележурналист Дариус Рошебен дипломатка Крым боюнча анын позициясы түшүнүксүз экенин айтып, Крым Украинабы деген суроого жооп берүүсүн суранды. Ал мындай деп жооп берди: "Бул көйгөйдү кандай кабыл алганыңыздан көз каранды". Андан кийин Лу Крымдын "башынан эле орустардыкы" экенин, андан кийин Хрущев аны Украинага өткөрүп бергенин айтты.

Журналисттин эл аралык коом Крымды Украинанын аймагы катары карайт деген сөзүнө, дипломат мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттер азыркы эл аралык укукта эч кандай статуска ээ эмес, анткени алардын эгемен өлкө катары макамын аныктаган эл аралык келишим жок экенин айтты. (мындай келишим талап кылынбайт, СССРдин курамындагы мурдагы советтик республикалар суверенитетти жарыялашкан жана башка мамлекеттер тарабынан таанылган жана БУУга кабыл алынган – нота Н.В.).

Лу кошумчалагандай, дүйнө "мындай көйгөйлөр" үчүн урушпашы керек жана Украинада ок атышууну токтотууга чакырды.

Украинанын Франциядагы элчиси Вадим Омельченко кытайлык кесиптешинин Твиттердеги билдирүүсүнө комментарий берип, Лунун "же география боюнча ачык көйгөйлөрү бар, же мындай билдирүүлөр Пекиндин [Украинадагы тынчтык боюнча] позициясына карама-каршы келет" деп билдирди.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевич Твиттердеги баракчасына: "Кытайдын Франциядагы элчисинин эл аралык укук жана мамлекеттердин эгемендүүлүгү боюнча айткан сөздөрү таптакыр кабыл алынгыс. Биз Кытай тараптан түшүндүрмө жана бул билдирүүнүн толук төгүнгө чыгышын күтүп жатабыз" деп жазды.

Литванын тышкы иштер министри Габриэлиус Ландсбергис да Твиттерде жооп берип, элчинин жообу Балтика өлкөлөрүнүн "Украинадагы тынчтыкка ортомчу болушуна Кытайга эмне үчүн ишенбей турганын" көрсөтүп жатканын жазды.

Эстониянын тышкы иштер министри Маргус Цахкна мамлекет Кытайдын элчисин чакырып жатканын, "мындай көз караштар кабыл алынгыс экенин жана Эстония суверендүү мамлекет экенин ачык айтуу үчүн" деп билдирди Delfi.

Бээжин Балтика өлкөлөрү менен Украинанын реакциясынан кийин түзүлгөн кырдаал боюнча комментарий берген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11776