Өзбекстан 5 млн доллар бөлгөн. Оштогу Бабур атындагы театр оңдоп-түзөөдөн өттү
RU

Өзбекстан 5 млн доллар бөлгөн. Оштогу Бабур атындагы театр оңдоп-түзөөдөн өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театры капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Театрды реконструкциялоо 2021-сентябрында башталып, ушул жылдын апрель айында аяктаган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстандын маданият жана туризм министри Озодбек Назарбеков, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жана эки өлкөнүн маданият кызматкерлери катышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө театрды реконструкция кылган курулуш компаниянын ээлерине жана театрда иштеген кыргыз-өзбек артисттерине эки өлкөнүн Маданият министрликтеринин Ыраазычылык каттары, Ардак громаталары тапшырылды.

Өзбекстандын өкмөтү долбоорго жалпысынан 5 миллион доллар бөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11802