"Гарри Поттер" жылдызы Дэниел Рэдклифф ата болду
RU

"Гарри Поттер" жылдызы Дэниел Рэдклифф ата болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Джоан Роулингдин китептеринин негизинде тартылган тасмалар сериясында жаш сыйкырчы Гарри Поттердин ролун аткарган англиялык актёр Дэниел Рэдклифф биринчи жолу ата болду. Бул тууралуу 25-апрелде британиялык Daily Mail басылмасы жазып чыкты деп жазат Tengri Life.

Жалпыга маалымдоо каражаттары 33 жаштагы актёрду Нью-Йорктун көчөлөрүнүн биринде коляска менен басып бараткан жеринен тартып алышкан. Дэниел беткап тагып алган, анын артынан 38 жаштагы сүйүктүүсү Эрин Дарк ээрчиген.

Журналисттер Рэдклиффтин басма сөз катчысы менен байланышып, жубайлар бир ай мурда тун баласын күтүп жатышканын ырастады. Ымыркайдын жынысы азырынча сыр бойдон калууда.

Дэниел Рэдклифф менен Эрин Дарк 10 жылдан бери сүйлөшүп жүрүшөт. Алар 2012-жылы "Kill Your Darlings" тасмасына тартылууда таанышкан.

2009-жылы Рэдклифф "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп маяна алган актёр катары кирген. Ал кинофильмдерге кошкон салымы үчүн Калифорниядагы Даңк аллеясында жылдыз алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11833