Тажик күч түзүмдөрү "террордук уюмдардын эки мүчөсүн" жок кылды
RU

Тажик күч түзүмдөрү "террордук уюмдардын эки мүчөсүн" жок кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын укук коргоо органдары тажик-афган чек арасында "эл аралык террордук уюмдардын эки мүчөсүн" жок кылды. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коомдук байланыштар борбору билдирди.

Билдирүүдө террордук уюмдардын аталышы жазылган эмес.

Кылмышкерлерди жок кылуу боюнча антитеррордук операция 26-апрель күнү эртең менен Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Ванж районунда болгон. Алар Тажикстан аймагында теракт жасоо максатында чек араны мыйзамсыз кесип өтүшкөнү айтылууда.

Укук коргоо органдарынын биргелешкен антитеррордук операциясынын жыйынтыгында террористтер жок кылынды. Окуя болгон жерден 2 даана Калашников автоматы, 2 даана тапанча, 8 даана граната, 19 таңгак жардыргыч зат, 2 даана атайын байланыш каражаттары жана 2 даана уюлдук телефон табылган.

Буга чейин Жамааттык коопсуздук келишими уюму Афганистанда террордук топтордун активдешип жатканына жана алардын уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына кирип келүү коркунучуна тынчсыздануусун билдирген.

Бирикке улуттар уюму Афганистандын аймагында "Ислам мамлекети", "Техрики Талибан Пакистан", "Өзбекстан Ислам кыймылы", "Ансоруллох", "Ислам жихады" жана башка топтор иштеп жатканын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11852