Мода дизайнери Валентин Юдашкин каза болду
RU

Мода дизайнери Валентин Юдашкин каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Белгилүү россиялык модельер Валентин Юдашкин 59 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Биринчи канал билдирди.

"Валентин Юдашкин каза болду, бул тууралуу анын жубайы билдирди", - деди маалымат программасынын алып баруучусу.

Эске салсак, 2021-жылы Валентин Юдашкин биринчи жолу рак оорусуна каршы күрөш тууралуу айткан. Болжол менен беш жыл мурун дизайнердин бөйрөгүндө залалдуу шишик бар деген диагноз коюлган. Ага карабастан, модельер ишин уланткан.

Башкы беттеги сүрөт: "Москва" агенттиги | Сергей Киселев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11987