Зеленский 9-майды Украинада "Европа күнү" деп жарыялады
RU

Зеленский 9-майды Украинада "Европа күнү" деп жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Зеленский 9-майды Украинада "Европа күнү" деп бекитти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Украинанын президентинин сайтындагы жарлыгына таянып маалымдады.

"Европа менен украин элинин окшоштугун аңдап түшүнүү менен, Украинада жыл сайын 9-майда Европалык биримдик өлкөлөрү менен биргеликте Европа күнүн белгилөөнү түзүүнү бекитем", - деп жазылат документте.

Анда мындай чечим Европа элинин биримдигин бекемдөө жана Европа континентинде тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоо максатында кабыл алынганы жазылган.

Украинада 2015-жылдан бери 8-майда Эскерүү жана элдешүү күнү белгиленип келет. 9-май – Жеңиш күнү Украинада майрам боюнча калган, бирок мамлекеттик деңгээлдеги расмий иш-чаралар 8-майда өткөрүлүп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12110