Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылат
RU

Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте унаа кыймылы үчүн Панфилов көчөсү ачылып, Орозбеков көчөсү жабылат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, курулуш иштери аяктагандан кийин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

"Аталган көчөдө эски асфальт алынып, тосмо таштары жана ирригация системасы орнотулуп, люктар жолдун деңгээлине көтөрүлүп, эки катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү", - деп айтылат маалыматта.

Мэриядан белгилешкендей, жакында тротуардын курулушу уланып, бул объектиде курулуш иштерин жыйынтыкталат.

Ошондой эле 15-майдан тарта Орозбеков көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабылат. Аталган көчөдө ирригация системасы орнотулуп, жолду жана тротуарларды жаңылоо иштери пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12242