Назаралиев: Көпчүлүк саясатчылар эркиндикти бейбаштыкка уруксат берилгендей кабыл алышат
RU

Назаралиев: Көпчүлүк саясатчылар эркиндикти бейбаштыкка уруксат берилгендей кабыл алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-мартта эки күч - "Тандоо эркиндиги" саясий партиясы жана дүйнө жүзүнө атагы чыккан доктор Жеңишбек Назаралиев биригишти. Жаш жана перспективдүү саясий уюмду мындан ары ал жетектейт.

Жеңишбек Назаралиев "Тандоо эркиндиги" партиясынын мурунку төрайымы Мария Вавиловадан партиянын символдорун кабыл алып, иш чарага катышкан меймандардын алдына чыгып сөз сүйлөдү. Ал эмне себептен партияга кошулганын айтып берип, анын түшүнүгүндө эркиндик эмне экенин бөлүшүп, өлкөдөгү саясий системага сын айтты:

- Акыркы он эки жылдан бери Кыргызстандын миллиондонгон жарандары сымал жашап келдим, саясаттан оолак болуп, ага катышкан жокмун.

Эмне үчүн анда бүгүн силердин алдыңарда турам? Өткөн күздө, үчүнчү ирет мамлекеттик төңкөрүштүн болушу мени терең ойго салды: эмне үчүн биздин өлкө бир эле катаны улам-улам кетирип жатат? Башкысы - мен кантип өзүмдүн элиме байыраак, ийгиликтүүрөөк, бактылуураак болууга жардам бере алам? Президентибиздин саясаттагы, экономикадагы, маданияттагы коомдук жашоодогу фундаменталдуу өзгөрүүлөрдү киргизүү тилегине кандай салымымды кошо алам?

Албетте, бир адам кааласа тоону томкоро алат. Бирок саясий айдыңда жалгыз адам жоокер эмес. Ошондуктан өзүнүн идеологиясы, энергиясы жана таза ниети менен Кыргызстанды өзгөртө ала турган коомдук күчтү издеп баштадым.

Эски саясатчылар менен бирикким келген эмес, аброю эбак эле булганган моралдык жактан банкрот болгон партияларга барууну каалаган жокмун. Мен прогрессивдүү, ачык, жаш пикирлештерди издегем. Андай жаштарды "Тандоо эркиндиги" партиясынан таба алдым!

Бала кезимден бери эркиндикти өзгөчө сүйгөн жан элем. Эркиндигим үчүн күрөшүп, эч кимге мени кемсинтүүгө жана эркиндигимди чектөөгө жол берчү эмесмин. Мен адилеттүүлүк үчүн да күрөштүм, анын баасы канчалык жогору экендигине өз көзүм менен күбө болдум. Ошондо, бир нерсени жакшы түшүндүм: өзүңдүн жасаган иштериң үчүн жоопкерчилик болмоюн эркиндик болбойт. Эгер адам өз билгенин жасап, кылган иштеринин жоопкерчилигин тартпаса, анда бул эркиндик эмес - бул бейбаштык. Кыргызстандагы саясатчылардын көбү эркиндикти так ушундай кабыл алышат. Алар үчүн бул бейбаштык, нравасы жок эгоизм, эл алдындагы, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен качуу. Бул калктын, коомдун, мамлекеттин талкаланышына алып келет!

Ар бирибиздин эркин болгонубуз бизде милдет жана абийир бар, дегенди айгинелеп турат. Эгер алар жок болсо, антикоом жаралат. "Бүгүн сен жок болсоң, эртең мен жок болом" деген принцип менен жашаган жоопкерчиликсиз, аң-сезими жетиле элек, коркок эгоисттер коому.

Мен айтып жаткандар - биздин саясатчыларыбыз! Кыргызстандын дегенерация болгон саясий классы.

Отуз жылдан бери көөдөнү тойбогон, бир көздүү, алысты көрбөгөн дегеним, саясатчылар жоопкерчиликтин, моралдын жана абийиринин жоктугун демонстрация кылып келишти! Эркиндикти айтканы менен, жеке кызыкчылыгы үчүн кулга окшоп баш ийип туруп бергенге даяр, кимди болбосун алдап басып кете беришет! Алар элдин кызыкчылыгын сатып, келечегинен кур калтырып жатышат. Алардын бир гана максаты бар - өзүнүн жыргал жашоосу.

Мына ушундай эркиндикке, эки жүздүүлүктүн, ууручулуктун, жоопкерчиликсиздиктин эркиндигин токтотушубуз керек! Ошондуктан бүгүнтөн тартып мен "Тандоо эркиндиги" партиясын жетектейм!

Жаңы муун менен эски түшүнүктөгү саясат менен алектенбейбиз. Биз элге кызмат кылып, Кыргызстандын негизги көйгөйлөрүн чечебиз. Мен жакрычылыкты жоюп, улуттук аң сезимди өзгөртүп, элимдин жашоо сапатын жакшыртам.

Мен кудайга ишенген жанмын, ошондуктан "эркиндик" деген сөздүн дагы бир маңызын кошуп кетким келип турат.

Жараткан бизге тандоо эркиндигин берген - сүйөбүзбү же жек көрөбүзбү, боорукер болобузбу же канкор боллобузбу, билимге умтулабызбы же сабатсыз жүрө беребизби, акыл калчап иш кылабызбы же акылсыздык менен күн көрөбүзбү, бактылуу же бактысыз болобузбу - өзүбүз тандайбыз. Бардыгын тандоо эркиндиги аныктайт.

Учурдагы алкымын тыя албаган чиновниктер менен жакырчылык же адилеттүү, өркүндөп-өскөн мамлекетти тандайсызбы - бул сизден көз каранды. Бул сиздин тандооңуз.

Уландысы бар...

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Тандоо Эркиндиги" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сапаралиева К.А. тарабынан "Тандоо Эркиндиги" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 09.04.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1226