Шайлоочулар белгилүү түрдөгү маскалар менен участокко келип жаткандыгы байкалды
RU

Шайлоочулар белгилүү түрдөгү маскалар менен участокко келип жаткандыгы байкалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өтүп жатат. Интернет колдонуучулур шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөп, айрым жарандар белгилүү түрдөгү маскалар менен келип жаткандыгын байкашкан.

Мисалы, Ошто бир катар шайлоочулар оң тарабында тешиги бар маскаларды кийип келгенин байкаса болот болчу. Ал эми Жалал-Абадда топ кишилер жашыл маска кийип келишкен.

Ал эми Жалал-Абадда шайлоо участокторунун ичинде мамлекет даярдаган көк маскалар акысыз берилгенине карабастан, топ кишилерге сырттан туруп жашыл маскаларды таратышкан. Белгисиз бир партия өз алдынча "учет" жүргүзүп жатат окшойт, деп автордун видеосу божомолдоп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1239