Сальвадордогу футбол стадионундагы тыгындан 12 адам каза болду
RU

Сальвадордогу футбол стадионундагы тыгындан 12 адам каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сальвадордун борбору Сан-Сальвадордогу футбол стадионундагы тыгындан кеминде 12 адам каза болду. Каргашалуу окуя Cuscatlán стадионунда жергиликтүү Alianza командасы менен Санта-Андан келген Fas командасынын беттеши учурунда болгон. Бул тууралуу "Би-Би-Си орус кызматы" жазат.

Полициянын алгачкы билдирүүлөрүнө ылайык, каза болгондордун арасында жети эркек жана эки аял бар. Алардын бардыгы 18 жаштан жогору болгон. Кырсык стадиондун эшиги жабылып калганда көп сандаган күйөрмандар кирүүгө аракет кылгандан кийин болгон.

Сальвадор бийлиги айрым күйөрмандарга жасалма билеттер сатылган деп эсептейт. Алар тергөө жүрүп жатканын жарыялашты. Президент Наиб Букеле да үн катып, окуя боюнча "ар тараптуу иликтөө" башталганын жарыялады. Анын айтымында, бардыгы, анын ичинде командалардын, менеджерлердин, стадиондун, футбол лигасынын жана Сальвадор футбол федерациясынын жетекчилеринин аракеттери дагы иликтенет. "Ким күнөөлүү болсо, ал жазасыз калбайт", - деген ал Twitter баракчасына.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, 90 адам - эркектер, аялдар жана балдар - көптөгөн жаракаттар менен ооруканаларга кайрылышкан. Сальвадордун жарандык коргонуу уюмунун өкүлүнүн айтымында, 500гө жакын киши медициналык жардам алган, көбү ооруканага жеткирилген.

Саламаттыкты сактоо министри Франсиско Алаби жарадар болгондордун көбүнүн абалы туруктуу экенин жана ооруканаларда каза болгондор катталбаганын билдирди.

Сальвадор футбол федерациясы улуттук деңгээлдеги бардык футбол матчтарын токтотуп, болуп өткөн окуя үчүн өкүнүч билдирди жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтөрүн белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12427