Жаңы стадиондун курулушуна каражат бюджеттен бөлүнөт
RU

Жаңы стадиондун курулушуна каражат бюджеттен бөлүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жаңы стадиондун курулушуна каражат бюджеттен бөлүнөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун жетекчиси Медербек Сыдыков маалымдады.

Белгилүү болгондой, жерди трансформациялоо жана документтерди тууралоо боюнча иштер жыйынтыкталды.

"Мамлекет башчы курулушка каражатты бюджеттен бөлөрүн, бул мамлекеттик долбоор экенин айтты. Учурда инвестор да изделип жатат. Жанни Инфантино менен жолугушуу болгондо ал курулуш быйыл башталарын билдирген", - деди Сыдыков.

Буга чейин Министрлер кабинети стадион үчүн Чүйдүн Сокулук районундагы Орок айыл аймагынан жер бөлүнгөнүн маалымдаган. Долбоор боюнча стадион 22-25 миң орунга ылайыкталат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12481