Атактуу ырчы Тина Тёрнер каза болду
RU

Атактуу ырчы Тина Тёрнер каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык атактуу ырчы Тина Тёрнер дүйнө салды. Анын бүгүн, 25-майда каза болгону бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Массалык маалымат каражаттары ырчы көп жылга созулган оорудан улам өз үйүндө көз жумганын жазышты. Ал ичеги рагынан жабыркап келген.

Ал 83 жашта болчу.

Тина Тёрнер америкалык жана швейцариялык ырчы, композитор, актриса жана бийчи. "Грэмми" сыйлыгынын 8 жолу жеңип алган. Артисттизм, темперамент жана сахнадагы экспрессивдүүлүгү үчүн ал "Рок-н-ролл ханышасы" наамын алып жүргөн. Ал дүйнөдөгү мыкты бийчилердин ондугуна кирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12504