"Батуми" кафесин бузуу. Мэриянын кызматкерлерине кылмыш иши козголгону айтылды
RU

"Батуми" кафесин бузуу. Мэриянын кызматкерлерине кылмыш иши козголгону айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Батуми" кафеси бузулгандан кийин Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Алар белгилешкендей, УКМК Бишкек мэриясынын жооптуу адамдарына "Батуми" кафесин демонтаждоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана мүлктү атайылап жок кылуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Алдын ала маалыматтар боюнча, эки тараптан тең мыйзам бузуулар болгон: "Батуми" кафесинин ээлери унаа токтотуучу жайды мыйзам бузуу менен пайдаланышкан, ал эми кызмат адамдары оор техниканы колдонуу менен мүлктү жок кылуу түрүндө демонтаждоо иштерин жүргүзүшкөн. Ошол эле учурда чоң инвестицияны эске алуу менен мыйзамдаштыруу механизми бар болсо да, аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга мүмкүнчүлүк берилген эмес.

*****

24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичи районунда жайгашкан "Батуми" кафесин бузууну баштаган. Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган.

Мекеменин ээсинин юристтери вице-мэр Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин, ал Садыр Жапаровдун уулунун атын да колдонуп жүргөнүн айтышты.

25-майда Камчыбек Ташиев жерине барып, кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону тиешелүү жетекчилерге тапшырган. Ошол эле күнү Нурдан Орунтаев коопсуздук комитетке суракка чакыртылган.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12541