Нурдан Орунтаев кызматтан алынабы? Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун жообу
RU

Нурдан Орунтаев кызматтан алынабы? Мэр Эмилбек Абдыкадыровдун жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Батуми" кафесинин бузулушу жана вице-мэр Нурдан Орунтаевге козголгон кылмыш иши боюнча Kaktus.media Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровго кайрылганда, калаа башчысы комментарий берүүдөн баш тартты.

Муниципалитет Орунтаевди ээлеген кызматынан бошотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатабы деген суроого шаар башчысы чечимди мэриянын юридикалык бөлүмү кабыл аларын билдирди.

Абдыкадыров ошондой эле орун басарын көрө электигин, аны менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү боло электигин, бирок вице-мэрге козголгон кылмыш иши тууралуу кабарды окуганын билдирди.

*****

24-майда Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев милиция кызматкерлери жана муниципалитеттин кызматкерлери менен биргеликте Жал кичи районунда жайгашкан "Батуми" кафесин бузууну баштаган. Орунтаевдин айтымында, кафе мыйзамсыз курулган.

Мекеменин ээсинин юристтери вице-мэр Нурдан Орунтаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чаап кеткенин, ал Садыр Жапаровдун уулунун атын да колдонуп жүргөнүн айтышты.

25-майда Камчыбек Ташиев жерине барып, кырдаалды иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону тиешелүү жетекчилерге тапшырган. Ошол эле күнү Нурдан Орунтаев коопсуздук комитетке суракка чакыртылган.

26-майда УКМК тарабынан вице-мэр Н.Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) жана 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду. Вице-мэр кафенин ээсине келтирилген зыяндын ордун толтуруп, тергөө менен кызматташмай болду.

"Батуми" кафесин бузуу (13 статей)
Нурдан Орунтаев: "Кийин эстелигим Усубалиевдин эстелигинин жанында коюлса деп тилейм"
30 Июнь 2023, 14:12
"Батуми" кафесинин жанындагы башка жайлар дагы бузулабы? Орунтаевдин жообу
30 Май 2023, 19:33
Нурдан Орунтаев кызматтык креслосу боюнча чечимди өзү кабыл аларын айтты
30 Май 2023, 16:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12547