Эрбол Султанбаев: Президент турсезонго даярдыкты күтүүсүз текшерүүгө алат
RU

Эрбол Султанбаев: Президент турсезонго даярдыкты күтүүсүз текшерүүгө алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси - аким Каныбек Адиевге сөгүш берди. Бул туурасында президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жазды.

Ал билдиргендей, президент Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

"Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты, шаарлардагы, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат", - деп айтылат билдирүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12631