Кытайда бала кол чатыры менен 26-кабаттан секирип, аман калды
RU

Кытайда бала кол чатыры менен 26-кабаттан секирип, аман калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын Хунан провинциясында төрт жашар бала ачык кол чатыр менен 26-кабаттан секиргенин Mothership билдирди.

Басылманын маалыматы боюнча, наристе "Том жана Жерри" мультфильминдеги бир көрүнүштөн шыктанган. Бала ойлонбостон, ыкманы кайталоону чечкен. Ал 26-кабатта жайгашкан батирдин балконуна чыгып, кол чатыры менен секирип түшкөн. Бул учурда бала үйдө жалгыз болгон. Ата-энеси жумушта жүргөндө аны караган чоң энеси эжесин алып келгени үйдөн чыгып кеткен.

Окуя болгон жерге келген дарыгерлер баланын бир нече сыныктары бар экенин, бирок баланын өмүрүнө коркунуч жок экенин айтышкан. Анын аман калышынын себеби: баланын салмагы өтө эле жеңил болгон. Бала жерге тийгенге чейин даракка тийген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12652