"Азаттык" сайтына бөгөт коюу. Бишкек шаардык соту чечим чыгарды
RU

"Азаттык" сайтына бөгөт коюу. Бишкек шаардык соту чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык соту 30-майда "Азаттык медиасынын" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты жабуу чечимин жараксыз деп табуу боюнча арызын карады. Бул тууралуу аталган басылма өзү жазды.

Сот жыйынында "Азаттык медиасынын" юристтери Маданият министрлигинин сайтты жабуу чечимин мыйзамсыз деп айтып, Бишкектин административдик сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүштү.

Судья Болотбек Сатыбалдиев төрагалык кылган коллегия "Азаттык медиасынын" арызын канааттандырган жок жана мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырды.

Юрист Акмат Алагушев басылманын сайтына бөгөт коюу мыйзам бузуу менен коштолгондугун, административдик сот чечим кабыл алууда аны эске албаганын белгиледи. Жактоочунун айтымында, сайт Маданият министрлиги тарабынан жабылганда, ведомство шилтеме жасап жаткан "Такталбаган (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын нормалары да бузулган.

Министрликтин өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу боюнча материал алынбагандыктан сайтты жабуу аракети уланып жатканын белгилешти.

"Азаттык медиасынын" юристтери Бишкек шаардык сотунун чечимин жогорку инстанцияга даттанууга ниеттенүүдө.

Белгилесек, 27-апрелде судья Чолпон Каримбаева "Азаттык медиасынын" ишмердүүлүгүн токтотуу чечимин чыгарган.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12656