Индияда поезд кырсыгынан каза болгондордун саны 300гө жакындады
RU

Индияда поезд кырсыгынан каза болгондордун саны 300гө жакындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индияда жүргүнчү ташыган үч поезд кагылышкан. Куткаруучулар 2-июндан бери кырсыктан аман калгандарды табууга аракет кылып жатышат.

CNN тараткан акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан каза болгондордун саны 300гө жакындады.

Эске салсак, Индиянын Одиша штатынын чыгышындагы Баласор шаарында жума күнү эки жүргүнчү поезд менен жүк ташуучу поезд кагылышып, кеминде 288 адам каза болуп, 1000ден ашууну жарадар болгон.

Куткаруучулар каза болгондордун саны көбөйөт деп болжошууда, анткени оодарылып кеткен вагондордун астында көптөгөн адамдар калганы айтылган.

"Биз чындыгында эч кимди тирүү сактап калабыз деп үмүттөнбөйбүз", - деди Одишанын өрт өчүрүү кызматынын башчысы Судханшу Саранжи NDTV жергиликтүү телеканалына.

Кырсыктын себеби белгисиз бойдон калууда. Бирок Индиянын темир жол министри Ашвини Вайшнау ишемби күнү журналисттерге Одишанын түндүк-чыгышында Баханага темир жол станциясына жакын жерде болгон кагылышууну "жогорку деңгээлде иликтөөгө" буйрук берилгенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12744