Океанолог акула менен жолукканда көзүнө кароо керектигин айтты
RU

Океанолог акула менен жолукканда көзүнө кароо керектигин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акула менен жолукканда дүрбөлөңгө түшпөш керек. Бул тууралуу Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин география факультетинин мугалими, океанолог Сергей Мухаметов РИА Новостиге билдирди.

Океанологдун айтымында, жырткыч күтүүсүз кол салган учурда гана каршылык көрсөтүү керек.

"Паникага алдырбаңыз, анткени адам акула үчүн жем эмес, биз абдан арыкпыз, майыбыз аз. Эгер акуланы кол салганга чейин көрүп калсаңыз, артка бурулуп көзүнө тике караш керек. Эгер ал андан коркпой турганыңызды көрсө, кол салууга батынбайт", - деди Мухаметов.

Эгерде акула бул нерселерге карабастан, күтүүсүздөн кол салса, ага каршылык көрсөтүп, жырткычтын мурдуна жана көзүнө сокку уруу керектигин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12879