Бүгүн эртең менен Бишкекте мейманканадан өрт чыкты. Видео
RU

Бүгүн эртең менен Бишкекте мейманканадан өрт чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн эртең менен Бишкектеги Чынгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Причал -24" мейманканасынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМ өрт саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толук өчүрүлгөнүн жана жабыркагандар жок экенин билдирди.

Өрттүн болжолду аянты 300 ч.м. түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12934