Филиппинде 120 жүргүнчүсү бар кеме күйүп кетти
RU

Филиппинде 120 жүргүнчүсү бар кеме күйүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Филиппиндин Бохол аралында 120 кишини ташыган кеме күйүп кеткенин өлкөнүн жээк коопсуздук кызматы жекшемби күнү билдирди.

Филиппиндин Жээк коопсуздук кызматы бөлүшкөн видеолордо MV Esperanza Star'дын аркасынан жалын чыгып, кара түтүн каптап жатканын көрүүгө болот.

Жээк коопсуздук кызматы CNN телеканалына 120 жүргүнчү жана экипаждын баары кемеден аман-эсен эвакуацияланганын билдирди. Маалыматта өрт өчүрүлгөнү, эч ким жабыркаган эмес деп айтылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12959