Самсалардын үстүндө келемиштер жүрөт. Кафе жабылды. Видео
RU

Самсалардын үстүндө келемиштер жүрөт. Кафе жабылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Самсаларды аралап келемиштер чуркап жүргөн "Рахат Локум" кафеси мыйзам бузуулар жоюлмайынча жабылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, борбордун адистери коомдук тамактануу жайына эки жолу барышкан: кечээ, 2-июль күнү кечинде видео пайда болгондон кийин жана бүгүн, 3-июлда эртең менен.

"Кечээ мекеменин кызматкерлери болгон эмес. Кафе жабылган. Эртең менен адистер барып тамактануучу жайдын ээсине айып пул салып, санитардык-гигиеналык эреже бузуулар жоюлганга чейин кафени жаап салышкан. Кечинде келемиштер жок болчу. Алар кечинде чыгышат окшойт", - деди Кундашев.

Буга чейин социалдык тармактарда самсалардын үстүндө келемиштер жүргоң видео тарап кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13209