Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кирди
RU

Иран Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) шейшембиде Иран уюмга мүчө мамлекеттердин катарына киргенин расмий жарыялады. Бул тууралуу чечим Индия төрагалык кылган уюмдун 23-саммитинде кабыл алынды. Виртуалдык жолугушууну ШКУнун катчылыгы көрсөттү.

Иран мамлекеттер аралык уюмунун тогузунчу мүчөсү болуп калды. 2022-жылы сентябрда Самаркандда өткөн ШКУнун саммитинде Ирандын уюмга кирүү боюнча милдеттенмелери тууралуу меморандумга кол коюлган.

ШКУ 2001-жылы 15-июнда Шанхайда түзүлгөн. Алгач уюмга алты мамлекет – Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан кирсе, 2017-жылы аларга Индия жана Пакистан кошулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13239