Фарходбек Алимжанов диплому боюнча коюлган айыптарды негизсиз деди
RU

Фарходбек Алимжанов диплому боюнча коюлган айыптарды негизсиз деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов дипломду мыйзамсыз алган делинип мандатынан ажыратылды. Мындай чечим БШКнын комиссиясынын жыйынында кабыл алынганы белгилүү болду.

Эл өкүлү коюлган айыптарды негизсиз деп айтты. Бул туурасында ал Facebook баракчасына жазды.

"Бул күтүлгөн болчу... Дипломум боюнча коюлган айыптар негизсиз. Мен өз позициямды коргойм, баары жакшы болот достор", - деди ал.

Белгилесек, БШКнын жыйынында Алимжанов университетте бүтүрүү экзаменине өзү катышпаганын, ал учурда чет өлкөдө болгонун, ошого карабай жыйынтыктоочу бааларды алганы билим берүү министринин орун басары тарабынан белгилүү болгон.

Билим берүү министрлиги экзамендердин жыйынтыгын жокко чыгарууну, Фарходбек Алимжановдун ОшМУда алган дипломун, Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында алган магистратуралык даражадагы дипломун чакыртып алууну сунуштоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13282