Министрликтин кызматкерлери Кытайдан жүк ташыгандардан акча алып жүргөнгө шектелди
RU

Министрликтин кызматкерлери Кытайдан жүк ташыгандардан акча алып жүргөнгө шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу "Ат-Башы" салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысын аныктады.

Маалыматта айтылгандай, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Нарын райондук автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдары Кытайдан жүк ташууга адистешкен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылышкан.

Тактап айтканда, Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан салмак-габариттик көзөмөлдүн кызмат адамдары мыйзамда белгиленген нормаларды кыйгап өтүп, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин системалуу түрдө акча алып, белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырып жана айып төлөөдөн качууга жардам берип келишкен.

Салмак жана габариттик контроль кызматкерлери тарабынан айып салынган каражаттардын белгиленген өлчөмүн (17500 сомдон жана андан ашык) төмөн баалоодон жана аларды максатсыз пайдалануунун натыйжасында өлкөнүн бюджетиндеги финансылык ресурстардын жоголушуна алып келди.

Козголгон кылмыш ишинин жана соттун чечиминин алкагында Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдарынын бардык мыйзамсыз аракеттери видео/аудио жазууга жазылып, бул фактыларга тиешеси бар адамдар кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Иштин жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө, ошондой эле бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13596