Бишкектеги мончолорго, унаа жуучу жайларга жана бассейндерге болгон чектөө алынды
RU

Бишкектеги мончолорго, унаа жуучу жайларга жана бассейндерге болгон чектөө алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча абал турукташып калды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, Ала-Арча дарыясы жана Чоң-Алыш каналдарында суу көбөйдү.

"Негизги суу алгычтан берилген ичүүчү суунун жалпы чыгымы май айына салыштырмалуу саатына 900-1000 метр кубга көбөйдү. Учурда баш суу алгычтын бардык скважиналары штаттык режимде иштеп жатат", - деп билдиришти мэриядан.

Басма сөз кызматы белгилегендей, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун тапшырмасы менен шаар калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу максатында бир катар иш-чаралар белгиленген.

"Министрликтин деңгээлинде иштеп жаткан суу алгычтарды кеңейтүү үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү каралууда. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жаңы скважиналарды бургулоо, суу түтүктөрүн жана насостук станцияларды куруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, Арча-Бешик жаңы конушунда узундугу 1300 метр, диаметри 300 мм болгон суу түтүктөрү курулду. Бул иштердин аркасында Орто-Алыш суу алуучу аймагында суунун кошумча көлөмү саатына 300 куб метрге көбөйөт", - деп билдирди муниципалитет.

Мындан тышкары, Көк-Жар суу алгычтагы экинчи лифттин насостук станциясын курууга каражат жумшалды.

"Бул шаардагы сууну көбөйтүү жана бөлүштүрүү процесстерин бир топ жакшыртышы керек. Учурда "Башкара-Суу" суу алгычынын жанынан төрт жаңы скважинаны бургулоого документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Жаңы скважиналар кошумча ичүүчү суу ресурстарын камсыздайт", - деп белгилешти мэриядан.

Эске салсак, июнь айынын башында Бишкекте унаа жуучу жайларга, мончолорго, бассейндерге, ден соолукту чыңдоочу жайларга суу берүү токтотулган.

Мэрия бул ичүүчү суунун тартыштыгы учурунда чектелген ресурстарды пайдаланууну оптималдаштырууга багытталган аргасыз чара болгонун белгилейт. Кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу 25-июлдан тарта бардык чектөөлөр алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13639