Грецияда өрт өчүрүүчү учак кулап түштү
RU

Грецияда өрт өчүрүүчү учак кулап түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грециянын түштүгүндө өрт өчүрүүчү учак кулады. Ал токойдогу өрттү өчүрүү учурунда тоолуу жерге кулап түшкөн. Кырсык Эубой аралында болгон. Кырсык болгон учурду жергиликтүү журналисттер тартып алышкан. Учак дарактарды анча эмес бийиктиктен сүзгөн.

Эки кыймылдаткычтуу Canadair дүйнө жүзү боюнча жана өзгөчө Түштүк Европа өлкөлөрүндө өрт өчүрүү үчүн кеңири колдонулган учак.

Учак машиналар жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймакка кулап түшкөндүктөн, издөө иштерине тик учактарды ​​тартууга туура келген.

Учкучтар аскер адамдары болгон. Алардын каза болгонун өлкөнүн Коргоо министрлиги тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13662