Нидерланддын жээгинде 3000 унаасы бар кеме өрттөнүп кетти
RU

Нидерланддын жээгинде 3000 унаасы бар кеме өрттөнүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-июлда Нидерланддын жээгинде 3 миң унааны ташыган Fremantle Highway кемеси өрттөнүп кетти. Өрттүн кесепетинен суу транспорту кыйрап, чөгүп кетиши мүмкүн.

Түнкүсүн бортто өрт чыккан. Ошол учурда кеме Амеланд шаарынан 27 чакырым алыстыкта ​​болгон, экипаж өрттү өчүрүүгө аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес. Кемедеги адамдар эвакуацияланган. Өрттүн кесепетинен экипаждын бир мүчөсү каза болгон. Дагы 16 адам жакынкы ооруканаларга жаткырылды, аларга эч кандай коркунуч жок.

Өрттүн очогун көзөмөлгө алуу азырынча мүмкүн болбой жатат. Өчүрүү учурунда кемени көп суу каптагандыктан, ал оорлоп, чөгүп кетиши мүмкүн.

"Биз бардык шартты карап жатабыз. Өрт өчүрүү кызматы менен кеңешип, эмне кылса болорун карап жатабыз", - деген Голландиянын Жээк коопсуздук кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13663