Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов эл аралык мелдеште күмүш утту
RU

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов эл аралык мелдеште күмүш утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бильярд боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов экинчи орунга ээ болду.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 30-июлда Екатеринбург шаарында "Екатеринбург башчысынын кубогу" эл аралык мелдеши аяктады.

Чемпионатка Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Молдовадан динамикалык пирамида боюнча 63 чебер катышты.

Кыргызстандык бильярдчы Азиз Мадаминов финалда орусиялык Максим Зверевге 4:6 эсебинде утулуп, экинчи оруна ээ болду. Ал күмүш медаль жана акчалай сыйлык менен сыйланды.

Мелдештин негизги байге фонду 2,8 миллион рубль.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13738