Жакын арада Россия Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирип баштайт
RU

Жакын арада Россия Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасын жеткирип баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары, Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат бөлүмү билдирди.

Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасы коронавирус инфекциясынан "Спутник V" вакцинасын расмий каттаган, буга байланыштуу өлкө россиялык вакцинаны вакцинациялоо программасына киргизүүгө жана вакцинаны республика аймагына ташууга даяр. Россия тарап жакын арада Кыргыз Республикасынын калкы үчүн "Спутник V" вакцинасын жеткирип баштоого даяр экендигин тастыктады.

Мындан тышкары, тараптар Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын мигранттарынын жүрүүсүнүн укуктук макамы, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында бекитилген жүрүү тартибин бузган чет элдик жарандардын укуктук макамын жөнгө салуу маселеси талкууланды.

Россиялык тарап 2021-жылдын 15-июнуна чейин административдик чара колдонбостон жана Россия Федерациясынын аймагынан тышкары чыгаруу зарылдыгысыз чет элдик жарандардын укуктук макамын тариздөөнү жүргүзүү мүмкүндүгү тууралуу маалымдады.

Жакынкы жумада тараптар аркылуу Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагаларынын пландаштырылган жолугушуусунда талкуулоо үчүн суроолордун тизмеси даярдалат, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1374