Тез жардам кызматынын кызматкерлери айлык акыларына нааразы. Алар акцияга чыгышты
RU

Тез жардам кызматынын кызматкерлери айлык акыларына нааразы. Алар акцияга чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Медициналык тез жардам борборунун кызматкерлери айлык акыларына нааразы. Бул тууралуу далилдүү медицина боюнча эксперт, Көз карандысыз медициналык профсоюз уюмунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Фейсбук баракчасына билдирди.

Анын айтымында, дарыгерлер нааразылык акциясын өткөрүү ниетин билдиришкен. "Көз карандысыз медициналык профсоюз уюму айлык акы жана дарыгерлерге карата зордук-зомбулук маселесин бир нече жолу көтөргөн. Белгилүү болгондой, дарыгерлердин маянасын жана жүктөмүн кайра эсептөө маселеси менен Саламаттыкты сактоо министрлигинде эки жумушчу топ көптөн бери алектенип келген. Буга чейин фельдшердик кызматкерлер маяналары кайра эсептелгне, калгандарыныкы жакындап калды", - деп белгилеген Барыктабасова тынчтык митингин Бишкек мэриясы менен макулдашып өткөрүүгө чакырды.

24.kgагенттигинин маалыматына караганда, нааразычылк акция Саламаттыкты сактоо министрлигинин имаратынын жанында өттү. Ага кайрылган тез жардам кызматкерлери эмгек акы төлөө системасын түшүнүшпөгөнүн белгилешти. Тез жардам борбору бул маселе боюнча жыйын өткөрүп жатканын билдирди. Жыйынга саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улан Садыков катышууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: 2GIS.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13755