Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча курама команданы салтанаттуу тосуп алышты
RU

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча курама команданы салтанаттуу тосуп алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-декабрда, Белград шаарында (Сербия) өткөн спорттук күрөш боюнча Дүйнө кубогуна катышкан грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти.

Спортчуларды Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов тосуп алды. Ал курама команданы мелдештерде жеткен ийгилиги менен куттуктап: "Бүтүндөй Кыргызстан силердин ийгилигиңер менен сыймыктанып турат! Азаматсыңар! Силер даңк пьедесталына чыгып, өлкөнүн гимни ойногондо биз чексиз бакытка бөлөндүк. Мындай кубанычтуу эмоциялар үчүн силерге рахмат!"

Дүйнө кубогунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 2020-жылдын 10-16-декабрь күндөрү өттү.

  • 1-орун – Жоламан Шаршенбеков, 60 кг чейинки салмактык категорияда;
  • 3-орун – Калы Сулайманов, 63 кг чейинки салмактык категорияда;
  • 3-орун – Руслан Царев, 72 кг чейинки салмактык категорияда.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/138