Өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылган топ аныкталды
RU

Өздөрүн милиция кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылган топ аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын кызматкерлери жарандардан акча талап кылып жүргөн топту аныктады. Алар өздөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерибиз деп тааныштырган деп айтылат комитеттин маалыматында.

Маалым болгондой, 343-берене (Пара талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип жүргөн топ аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 6 жарандан турган топтун мүчөлөрү өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлери деп тааныштырып, бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жолу менен интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтабыз деп шантаж кылып, 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

8-августта бул кылмыш иши боюнча негизги айыпталуучулар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди. Тинтүү учурунда алардын жанынан тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылды.

Учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча комплекстүү иликтөө иш-чаралары уюштурулду.

УКМК сүрөттөгү адамдардан жапа чеккендер болсо кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номери: (0312) 66-04-75.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13901