Садыр Жапаров "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга кол койду
RU

Садыр Жапаров "Билим берүү жөнүндө" мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров жаңы редакцияда кабыл алынган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда билим берүү институтун реформалоо максатында калкка көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу жана аларды алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, билим берүүдөгү үзгүлтүксүздүктү бекемдөө максатында кабыл алынган.

Алсак, кабыл алынган мыйзам төмөнкү жаӊылыктарды камтыйт:

  • – формалдуу эмес билим берүү процессинде же өз алдынча практикада ээ болгон жарандардын кесиптик компетенцияларын, көндүмдөрүн сертификациялоо жана валидациялоо институту киргизилет;
  • – жогорку окуу жайларына өзгөчө статус ыйгаруу маселелерин жана алардын ишин жөнгө салуу;
  • – онлайн билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуу;
  • – билим берүү уюмдарынын билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин киргизүү;
  • – тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү автомектептердин ишин, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билимди кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарын лицензия алуудан бошотуу.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13981