Биринчи жолу адамга трансплантацияланган чочко бөйрөктөрү кадимкидей иштеп баштады
RU

Биринчи жолу адамга трансплантацияланган чочко бөйрөктөрү кадимкидей иштеп баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи жолу адамга трансплантацияланган чочко бөйрөктөрү кадимкидей иштеп баштады.

Алабама университетинин окумуштуулары чочконун генетикалык жактан өзгөртүлгөн органдарына адамдын эки бөйрөгүн алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасоого жетишти. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта, дарыгерлер үй-бүлөсүнүн уруксаты менен бейтапка чочконун бөйрөгүн алмаштырышканы айтылат.

Дүйнө жүзү боюнча донордук органдарга болгон суроо-талап көп. Статистикалык маалыматтарга ылайык, АКШда трансплантацияны күткөн ар бир беш бейтаптын экөөсү ылайыктуу донор органын күтпөстөн диагноз коюлгандан кийин беш жыл ичинде өлөт.

Операциядан кийин бейтаптын организми донордук органды бөтөн деп четке какпашы үчүн, трансплантациялоо үчүн чочко бөйрөктөрү атайын өстүрүлүп, генетикалык адаптация ыкмасы менен "ылайыктыштырылган".

"Бул окуя бөйрөктүн өнөкөт оорусунан жапа чеккен жана трансплантацияга муктаж он миңдеген бейтаптарга үмүт берет", - деп айтылат BBC'нин маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14021